"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: ӨКМ: Аксыдагы Мундуз айылында мөндүр аралаш жааган катуу жамгырдан зыян болгон жок

"Кечээ 11-августта Аксы районунун Мундуз айылында мөндүр аралаш жамгыр жаап, айрым үйлөрдүн короолоруна суу кирип, көчөлөрдө сел жүргөн. Бирок айыл чарбасына, жол жана турак жайларга зыян келген жок. Айыл өкмөтү тургундардын жашоо турмушуна, дыйкан чарбасына зыян келтирилбегенин билдирди", - деди ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков.

Белгилей кетсек, 11-августта окурман "Элдик кабарга" Аксы районунун Кош-Төбө айыл округундагы Мундуз айылында саат 15:00дөр чамасында мөндүр аралаш жамгыр жаап, короолорду жана көчөлөрдү суу каптагандыгы туурасында кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан