Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Полтавка айылында ушул жылдын 6-августунда үйүнөн чыгып кеткен 14 жаштагы Адилет Аматов табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан баланын атасы Айбек Аматов билдирди.
"Баламды 1 жумадан бери издеп жатабыз. Милицияга да кайрылдык. Азырынча табыла элек. Тууган-уруктардын үйлөрүнө да барып сураштырдык. Бирок аракетибизден натыйжа чыкпай жатат. Ал 6-августта эртең менен үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда", - дейт Айбек Аматов.
Эске салсак, буга чейин 14 жаштагы баланын жоголгону айтылган.