Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Офелия Еркимбаева кечээ, 11-августта 80 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Офелия Еркимбаева 1937-жылы 20-январда Кыргыз ССРинин Кольцовка айылында жарык дүйнөгө келген. Орусиядагы Театралдык искусство университетинин актёрлук жана режиссёрлук факультеттеринен билим алган. Эмгек жолунун башында Нарындагы музыкалык-драмалык театрда артист, телевидениеде режиссёрдун жардамчысы, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист жана режиссёр-коюучу болуп иштеген.
Ал акын, драматург Эрнис Турсуновдун "Замандаш", Токтоболот Абдымомуновдун "Малика", Гильерме Фигейредонун "Эзоп", Александр Островскийдин "Күнөөсүз күнөөлүүлөр", Николай Гоголдун "Үйлөнүү" жана башка бир катар пьесаларга режиссёрлук кылып, фестивалдарда сыйлыктарды алган. "Кыргыз искусствосунун энциклопедиясы" телефильминин сценарийинин автору. О.Еркимбаева Муратбек Рыскулов жана Абдылас Малдыбаев атындагы музыкалык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ошондой эле ага "КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылган. Ал эми "КРнын Эл артисти" наамын 2008-жылы алган.
Режиссёрду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 13-августта саат 09:30да Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.