Быйыл Бишкек шаарында уй этинин баасы 20-50 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында жазылган.
Маалыматка ылайык, борбор калаадагы "Ош базарында" уй этинин баасы 290-320 сом, "Аламүдүн" базарында 280-320 сом, "Орто-Сай" базарында 200-340 сом болууда. Былтыр Бишкек шаарынын базарларында бул убакта баасы 260-320 сом болчу. Маалыматта эт Токмок, Талас шаарларында арзаныраак 280 сомдон сатылып жатканы жазылган. Ал эми Чолпон-Ата, Жалал-Абад шаарларында эттин баасы 320 сомдон жогору.