Дмитрий Медведев Кыргыз менен Орусиянын товар айланымы жогорулаганын айтты

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Орусия менен Кыргыздын ортосундагы товар айланымы жогорулаганын баса белгилегенин Риа Новости басылмасы жазып чыкты.

"Акыркы мезгилде, менин оюмча, эки өлкөнүн экономикасын жогорулатуу боюнча көп пайдалуу иштер жасалды. Ага товар айланымынын жогорулаганы далил боло алат. Ал чийки заттардын эмес, Кыргыз жергесинде өндүрүлгөн азыктын алынып келиши менен өсүүдө", - деди Медведев Сооронбай Жээнбековго.

Эскерте кетсек, бүгүн 14-августта Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
don_quixote
2017-08-14 13:21:16
Станды алып салганы мага жакты. Озбекстан, тажикстан, афганистан боло берсин
-4
Maika
2017-08-14 15:33:18
don_quixote, чет жакка чыгып КыргызСТАНды Афганистан, Пакистан, Тажикистан ж.б. -стандар менен салыштырып, ошолорго теңегенде -СТАНдын жок эле болгону жакшы экен деп калышмак.
-4
ABDulHai
2017-08-14 14:31:39
Кыргыз менен Орустун товар айланымы жогорулаптыр түшүнүктүү элего
0
Jarookerjan
2017-08-14 18:55:52
ABDulHai,тушунуктуу болгону менен бакыйган мамлекетти бир адамды айткансып"кыргыз"деп жазганы одоно,копол,жагымсыз ал тургай кемсинткендей сезилип жатат мага.
+1
zhanarbek80
2017-08-14 14:49:39
Кайсы кыргыз болсо да азамат екен
+3
admin_superstan
2017-08-14 16:07:28
shergazy9, Neizvestno777, Kumarchik, Azatbek83, Jarookerjan, kanimjan92, ilya., порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан