Президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин 50сү калды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, талапкер Акбаралы Айтикеев шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал бүгүн мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырмак.
Эске салсак, буга чейин Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев көрсөтүлгөн күндөн баштап 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондуларын түзө албай калгандарына байланыштуу БШК аларды каттоодон баш тарткан. Ошондой эле Роман Ремнев талапкерликке жаш курагы жетпегендиктен четтетилген. Буга чейин эки талапкер Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Анвар Сартаев мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырардын алдында президенттик шайлоого ат салышуудан баш тартышкан. Ал эми Куттубек Бешбаков жашы талапка жооп бербегендиктен четтетилген. Ошондой эле Садыр Жапаровдун соттолгондугу жоюлбагандыктан БШК каттоодон өткөрүүдөн баш тарткан.
БШКга жалпы 59 талапкер арызын берген. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.