Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон Кыргыз делегациясы 14-августта Астана шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы экономиканын санариптик трансформациясынын маанилүүлүгүн баса белгилеген.
"Биз жалпы энергетика рыногунун алкагында соода борборлоштурулган пайдубалды түзүүгө чечим, ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсия боюнча келишимди талкууладык. Келишимдин маанилүү бөлүгү макулдашылды. Анын күчүнө кириши биздин жарандарды ЕврАзЭС аймагында өздөрүн корголгон жаран катары алып жүрүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан биз аталган келишим мүмкүн болушунча тезирээк – 2018-жылы ишке киришине кызыкдарбыз", - деди Жээнбеков.
Маалым болгондой, ЕАЭБ Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары менен жумушчу жолугушууларды өткөргөн. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алды.
Евразия экономикалык биримдигинин Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.