Бүгүн, 14-августта Бишкектин райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштырбоо чечимин күчүндө калтырды.
Текебаевдин жактоочулары БШКнын буга чейин Текебаевди тил сынагына катыштырбоо чечимин канааттандырбоо үчүн сотко кайрылган эле.
Айта кетсек, 10-августта БШКнын отурумунда Текебаевди тил сынагына катыштырбоо чечими кабыл алынган. 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган.
"Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.