"Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев интернетке тараган аудиожазууну Өмүрбек Текебаевдин ишин туура эмес жакка бургусу келгендердин иши экенин SUPER.KG порталына бүгүн, 14-августта билдирди.
"Биринчиден, адамдын артынан сая түшүп, ошентип жаздырганы адепсиз жана мыйзамсыз. Бул Өмүрбек Текебаевдин ишин туура эмес жакка бургусу келген кызыкдар тараптын иши. Экинчиден, Текебаевдин сотунда берген көрсөтмөмдү толук колдойм. Анда "21-22-23-декабрь күндөрү Текебаев менен кантип жолугуштуң?" деген суроого гана жооп бергем. Сотто берген жообумду бурмалаган жокмун. Ал эми Азимбек Бекназаров экөөбүздүн сөзүбүздү кырккылап, кошкулап, айтор кандай жасагандарын билбейм. Жасап туруп, терс жагынан көрсөтөбүз дегендердин ою оңунан чыкпайт. Азимбек Бекназаров экөөбүз көп жолу жолугушуп, ар кыл темада сүйлөшөбүз. Аны кайсы жерде, кантип жасашкандарын билбейм", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал Текебаевдин туулган күнүндө белек бергенин кошумчалады.
"Текебаев айтып жатат "Чоң бөтөлкө алып келдиң" деп. Мен ачык айтайын, ал менин эсимде жок экен. Бирок ага 23-декабрда белек бергем. Белек бериш жөнөкөй эле нерсе да, баарын эстеп жүрүш кыйын. Ал белек Текебаев үчүн баалуу болуп сактап койсо, ал айткан нерсе туура болушу мүмкүн", - деди.
Айта кетсек, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөр тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Анда Ташиевдин үнүнө окшош адамдын "Мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби?" дейт, "келип мени куттуктап, бир вино берген элең 23дө" деп. Эсимде жок, ай, вино бергенимди, куттуктаганымды, мен никогда аны куттуктаган эмесмин туулган күнү менен" деп айтканын угууга болот.
Текебаев болсо бүгүнкү сотто "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудиожазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.