14-августта саат 10:30дар чамасында Ысык-Көл облусундагы Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунда маршруттук такси оодарылып кетип, 15тен ашуун жүргүнчү жаракат алганын окурман WhatsApp аркылуу билдирген эле.
Бүгүн, 15-августта ӨКМнын облустагы башкармалыгы SUPER.KG'ге окуяны ырастап, 14 адам жаракат алып, анын ичинен 5 адам ооруканага жаткырылганын кабарлады.
"Маршруттук таксини айдап бара жаткан 1960-жылы туулган жаран рулду башкара албай калып жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсык аталган жолдун Тоң районундагы 111-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 14 адам жаракат алып, райондук ооруканага жиберилген. 9 киши дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп үйлөрүнө кетишсе, 5 адам ооруканага жаткырылды", - деп маалымдашты ӨКМнын облустук башкармалыгынан.