Бүгүн, 19-августта Бишкектин Арча-Бешик конушунда 4 миллион сомго курулган спорт зал пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземинде айыл жаштары үчүн спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке 20 команда катышып, күч сынашты.
"Айылдын жаштары үчүн атайын спорт зал куруп бердик. Мындагы максат - жалпы жаштарды сергек жашоого үндөө жана айыл элин спорт аркылуу ынтымакка чакыруу болду. Мындан ары бул жерде түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлүп турмакчы. Залдын курулуш иштерине 4 миллион сомдой каражат жумшалды", - деп билдирди ишкер Асхат Арасулов.