Мода дүйнөсүндө төңкөрүш жасап, кайталангыс жытка ээ атырды чыгарган айым Габриель Коко Шанель мындан 134 жыл мурун, 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомур шаарында төрөлгөн. Ата-энеси чогуу жашабагандыктан кичинекей кыз жетимдер үйүндө тарбияланган. 12 жашка толгондо апасы каза болуп, атасы Габриелди католик мектебине киргизет. Жаштайынан эле мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өөрчүй баштайт. Интернатта дайыма бир форма кийип тажаган Габриель аялзатын өзү каалагандай кылып кийинтүүнү самаган. Өз алдынча жашоосун баштагандан кийин кездеме саткан дүкөнгө орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан баккан. "СоСо" деген ырды көп ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан.
Кызыктуу маалыматтар
- Коко Шанель аялдарга шым кийгизип, мода дүйнөсүндө жаңы багытты ачкан алгачкы модельер болгон.
- Модельер модага күнгө күйгөн терини киргизген. Ага чейин ак жуумал айымдар сулуу деп эсептелип, териси күнгө күйгөн аялдар калктын төмөнкү катмары деп эсептелинген.
- Өзүнүн өндүрүшүн жарнамалоодо белгилүү адамдарды колдонууну Коко Шанель баштаган дешет. Ал Кетрин Денев, Мэрилин Монро, Николь Кидман, Одри Тоту менен иштешкен.
- Мурда аялдардын узун чачы сулуулуктун, назиктиктин белгиси болуп эсептелсе, Коко Шанель чачын кыска кылып кестирип, бул стереотипти жойгон.
- Коко Шанелге чейин чөнтөктөр эркектердин гана кийимдеринде болсо, ал мода дүйнөсүнө айымдардын дагы чөнтөктүү кийимдерин, сумкаларын чыгаруу менен жаңылык киргизген.
- Атактуу актриса Мэрилин Монронун "мен түндө кийип жата турган жалгыз нерсем - Chanel №5 атырынын тамчысы" деп айтканы бар.

Кийимдердин стилин түшүндө көрүп тикчү
1913-жылы Этьен Бальзан аттуу адам Габриелге Довиль шаарында баш кийим сатуучу дүкөн ачып берет. Шанелдин алгачкы кардарлары пайда боло баштайт. Кичинекейиндеги тилеги орундалып, кийим чыгарууну ойлонот. Кээ бир кийимдерди Шанель түшүндө көрүп, анан тикчү дешет. Аялдар үчүн шым, костюм, юбкалардын жаңы моделдерин, спорт кийимдерин чыгара баштайт. Баш кийим, зер буюмдарынан сырткары атыр чыгарууга да жетишет. Анын атактуу "Шанель №5" деп аталган 1921-жылы чыккан атыры бүгүнкү күнгө чейин эч өзгөрүлбөгөн кайталангыс жытка ээ. 1914-жылы согушка катышкан аялдар үчүн Коко Шанель атайын тыкыс кийимдерди даярдаган. Франциядагы бардык аялдар анын кылганын кайталашкан. Анын моюнунда дайыма жипке өткөрүлгөн кайчы илинип жүрчү дешет. Ал аялдардын көйнөгүнөн ашыкча бөлүктөрдүн баарын кесип таштаган.
Коко Шанелдин айткан сөздөрү ушул күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек. Алардын айрымдарын сиздерге сунуштайбыз:
- Эгер сиз канатсыз жаралсаңыз, анын өсүп чыгуусуна тоскоол болбоңуз.
- Сулуулук бизге мырзалар бизди сүйүшү үчүн керек, ал эми акылсыздык биз эркектерди сүйүү үчүн керек.
- Жыйырма жаш куракта табият тартуулаган өң-түс менен элге чыгабыз, отузубузда жашаган жашообузга жараша келбет-кебете күтөбүз, элүүдөн ашкан соң жүзүбүз жасаган эмгегибиз менен сулууланат.
- Эгерде эркектер менен көйнөктөрдүн кайсынысын тандаарыңызды билбей жатсаңыз, көйнөктү тандаңыз.
- Эгерде сизде мурда эч качан болбогон нерсени алууну кааласаңыз, буга чейин жасабаган нерсеңизди жасоого туура келет.
- Колдор - аялдын визиттик карточкасы, моюну - анын паспорту, ал эми көкүрөгү - анын жалпы жарандык паспорту.
- Өзүңө кам көрүү жүрөктөн башталышы керек, антпесе эч бир косметика жардам бербейт.
- Өңү ачык кийимдерди кийген аялдын маанайын бузуу оңойго турбайт.

Сүйүүгө кабылып, бирок турмушка чыккан эмес
Коко Шанель бир нече мырза менен сүйүү мамилесин куруп, бирок алардын эч кимисине турмушка чыккан эмес. Ошондой эле анын балалуу болуу кыялы дагы ишке ашпай калган. Ал Этьен Бальзан аттуу офицер, Артур Капел, Вестминстер герцогу, князь Дмитрий Романов, Ганс Гюнтер фон Динклаге аттуу 5 киши менен жакын мамиледе болгондугу айтылат.
Маалыматтарга караганда, Коко Шанель менен Вестминстер герцогунун ортосундагы сүйүү романы 6 жылга созулган. Бул убакыт ичинде герцог эки жолу үйлөнүп, ажырашкан. Ал Шанелдин колун сураганда "Герцогдор дүйнө жүзүндө көп, бирок Коко Шанель жалгыз", - деген жоопту уккан.

Коко Шанель 1971-жылы 10-январда 87 жашында жүрөк оорусунан улам каза болгон. Анын табыты миңдеген ак гүлдөр менен кооздолуп, моданын легендасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ив Сен-Лоран, Пьер Бальмен жана Кристобаль Баленсиага өңдүү белгилүү дизайнерлер келген.

19-августка карата жылнаама.