ЖЫЛНААМА, 20-АВГУСТ: Мындан 4 жыл мурун Борбордук шайлоо комиссиясы айрым “ата журтчу” депутаттарды депутаттык мандатынан ажыраткан

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 20-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Тиешелүү чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 1 мүчөсү каршы добуш берген.
“Конституцияга ылайык, соттолгон адамдар депутат боло албайт” деген БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
Жогорку Сот 6-августта "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Сот Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30-жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.
Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Жапаров "адамды өлтүрүүнү уюштуруу", "бийлик өкүлдөрүнө каршылык жасоону уюштуруу" жана "бейбаштык" беренелери боюнча толук акталды, ал эми "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2-августта Биринчи Май райондук соту тарабынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
20-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан