Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 18-август күнү Германиядагы парламенттик шайлоого катышып жаткан "Социал-демократтар", "Жашылдар" жана "Христиан-демократтар союзу" партияларын Түркиянын душманы деп эсептеп, түрк улутундагы немис жарандарын аталган 3 партиянын талапкерлерине добуш бербөөгө чакырган.
"Түркияга урматсыз жана агрессивдүү мамилесинен улам аларга добуш бербөөгө чакырам. Бул партиялар Түркиянын душманы", - деп айткан Эрдоган.
Германиянын канцлери Ангела Меркель Режеп Тайип Эрдоган шайлоого таасир этүүгө аракеттенди деп сынга алганын Германиянын ЖМКлары 19-августта жазып чыкты. Меркель өз сөзүндө "биз эч кимге, анын үстүнөн Эрдоганга жарандарыбыздын, анын ичинде түрк улутундагы немис жарандарынын эркин тандоосуна кийлигишүүгө жол бербейбиз", - деген.
Германияда парламенттик шайлоо 24-сентябрда өтөт.