Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын 2018-жылы өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өткөрүлдү. Жазуучунун мааракесин өткөрүү максатында уюштуруу комитети 2017-жылдын 24-июлунда өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн. Отурумда Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш-чаралардын планын даярдоо маселеси каралды.
Ысык-Көл үчүнчү эл аралык интеллектуалдык форумун өткөрүү, видео жазмаларды даярдоо, Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуп жаздыруу, туристтик маршруттарды уюштуруу, фестиваль, кино, музей жумалыктарын өткөрүү пландары талкууланды.
"Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата өткөрүлө турган бардык улуттук жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүшү зарыл экендигин Сооронбай Жээнбеков уюштуруу комитетине дайындады. Көрсөтүлгөн пландарды ишке ашырууда Каржы министрлигине керектүү каражаттары убагында бөлүп берүү тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.