"Элдик видео" бөлүмүнө "Мына бакыт! Атасын ээрчиген үч эм элдин жүрөгүн элжиретти" деген видео жүктөлдү (ник: Epke).
Учурда жумушка бара жаткан атасынын артынан чуркап бараткан кытайлык үч эмдин видеосу интернет колдонуучулар тарабынан көп бөлүшүп, жылуу пикирлер айтылган билдирүүлөр менен коштолууда. Анда унааны бир аз айдаган соӊ андан чыгып, коштошуу үчүн балдарын бооруна кыскан атаны көрүүгө болот.
"Бул мен үчүн бакыт жана чоң "түйшүк". Мындай көрүнүш дайыма кайталанат. Анткени балдарым мен жумушка кеткенде мени аябай сагынат экен", - деген үч эмдин атасы.
Видеого карата "Мына, бакыт деген ушундай болот", "бойдокторго сабак, үйлөнгүлө" деген билдирүүлөр айтылууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.