Бүгүн, 21-августта Бишкек шаардык мэриясынын алдына 30га жакын адам чогулду. Алар май айында жабылган "Дыйкан" базарынын соодагерлери экенин айтышып, шаар башчысына жолугууну көздөшүүдө.
Айтымдарында, алар буга чейин базардын жабылышы мыйзамсыз экенин айтышып, президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Бишкек шаарынын мэрине кайрылышкан.
“Бизди 23-майда милиция күч колдонуп, активдүү 12 аялды камап, базарды жабышкан. Биздин насыяларыбыз бар. “Сары Өзөн” же “Дордой Дыйкан” базарларынан соода орунун сатып алууга чамабыз келбейт. Ошондуктан өзүбүз иштеген “Дыйкан” базарын кайра ачып берүүнү талап кылып, 40тан ашык соодагер кол койгон арызды мэрге 14-августта тапшырганбыз. Азыр арыздын жообун угуу үчүн чогулганбыз”, - деди Гүлзия Курамаева.
Ал эми “Дыйкан” базарын жабуу учурунда милицияга каршылык көрсөтүп, 5 күн камалып чыккан Манзура Алимбекова 800 миң сом чыгымга учураганын айтты.
"800 миң сомдой товарым 5 күн камалып чыкканча чирип кетти. Жаздын күнү жашылчалар көпкө турбайт. Чыгымдардын ордун толтуруу талабын ошол күндөн бери айтып, бардык бийлик бутактарына кайрылып келе жатабыз. Бирок жыйынтык жок. Эми бизге базарды иштетүүгө уруксат берсе, биз бүт чыгымдарды жаап, насыяларыбызды төлөшүбүз керек”, - деди Алимбекова.
Учурда 30га чукул адам шаар бийлигине жолугууну көздөп мэриянын алдында турушат.