Бүгүн, 21-августта Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган соодагерлер биринчи вице-мэр менен жолугушту. Анын жүрүшүндө соодагерлер жабылып калган "Дыйкан" базарын ачууну талап кылышкан. Ал эми вице-мэр Ренат Макенов базар кайра ачылбай турганын айтты.
"Мамлекеттик экотехинспекциянын сунушу менен биз “Дыйкан” базарын жаптык. Мэрия болгону экотехинспекциясынын тапшырмасын аткарды. Анткени ал жерде эки нефть базасы бар. Базар башында эле мыйзамсыз ачылган. Баары бир жабыла турган базар болчу", - деди Макенов.
Ошондой эле ал мындан ары базардын ордуна Темир жол ишканасынын контейнерлери түшүрүлүүчү аянтча болорун кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда вице-мэр мурдагы "Дыйкан" базарынын соодагерлерине "Сары Өзөн", "Дордой Дыйкан" базарларынан жеңилдетилген шарттар менен орун берүүнү чечип бере турганын убада кылды.