Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы болуп Каныбек Жумашалиев дайындалды

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы болуп Каныбек Жумашалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн жаңы дайындалган Каныбек Жумашалиевди өздүк курамга ички иштер министринин орун басары Орозалиев тааныштырды.

Каныбек Жумашалиев 1965-жылы 5-декабрда туулган. Ал 1987-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. 1991-жылдан тарта ички иштер органдарында иштеп баштап, ар түрдүү жетекчилик кызматтарга дайындалган. Чүй РИИБинин, Сокулук РИИБинин, ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2017-08-21 21:18:21
Кочкоратын ичин бир карап койунчу себеби бардык гайлер чыканда турушат бурулуштарда шаардын ичинен жарым сатан ашык пропка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан