Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

Бүгүн, 22-августта президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнчө премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар иштерин улантат.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Эске салсак, кечээ, 21-августта Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөндөн кийин премьер-министрлик кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан