Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны кайсы күнү, саат канчада болору белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттин спикеринин аппаратынан билдиришти.
Маалым болгондой, өкмөттүн курамын түзүү үчүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча президенттин сунушу түшкөнүнө байланыштуу парламенттин төрагасы 25-август күнү саат 09:30га кезексиз жыйынга чакырды.
Айта кетсек, бүгүн, 22-августта президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери менен жолугуп, өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн 25-августта кезексиз жыйынды чакыруу суранычы менен парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кат жөнөткөнүн айткан.