24-августта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, жыйындын күн тартибине 1 маселе киргизилген. Анда өкмөттүн жаңы курамын түзүү маселеси каралат. Чогулуш Жогорку Кеңештин имаратында өтөт.
Ал эми жалпы Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга 25-августта чогула турганы буга чейин белгилүү болгон.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого аттанып жатканына байланыштуу премьер-министрлик кызматтан кеткен. Буга байланыштуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалициясына кирген КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери менен жолуккан. Президент өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн 25-августта кезексиз жыйынды өткөрүү суранычы менен парламенттин төрагасына кат жөнөткөнүн айткан.