Бүгүн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда килем үстүнө Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы чыгышат

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-күнүндө кыз-келиндер арасындагы беттештер өткөрүлөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы килем үстүнө чыгышат.

Эске салсак, Дүйнөдөгү мыкты 3 балбандын катарына кирген Айсулуу Тыныбекова 2017-жылдын май айында Азия чемпиондугунда жана Ислам тилектештик оюндарында алтын медалдарын жеңип алган. Ал эми Айпери Медет кызы август айынын башында күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

Кыргыз балбандардын атаандаштары төмөндө:

55 килограммга чейинки салмак ченинде (1/8 финал):

Назира Марсбек кызы - Марина Седнева (Казакстан)

59 килограммга чейинки салмак ченинде (1/8):

Айсулуу Тыныбекова - Жессика Бендезу (Перу) менен Лаура Мертенз (Германия) ортосундагы беттешинин жеңүүчүсү.

75 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16):

Айпери Медет кызы - Намжу Хё (Түштүк Корея).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nejninka
2017-08-23 09:26:00
ийгилик силерге кыздар. Кудай озу силерди колдоп женишти багындыргыла!!!!
+5
Batma08
2017-08-23 09:40:27
Ийгилик силерге кыргызстандын сыймыктары
+2
Kelsinay1995
2017-08-23 10:06:24
Азаматсынар
0
Nureles92
2017-08-23 10:46:45
Кыз назик болуш керек буларда кыз деген аты эле калыптыр блин буларга жанына барыштан коркосунго
-8
monok2001
2017-08-23 11:32:51
Nureles92,Эркекче досум
0
Razzak.kg
2017-08-23 12:02:55
Nureles92,эркектерибиз назик болуп уйдо отурганы жетитуу. Силердин козунорду карап отура береби анан
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-23 11:08:46
Балии ! алга кыргызымдын балбан кыздары
+2
erlist
2017-08-23 12:01:09
Ушулардан толк чвкпаса тиги эркектер бары утулушту
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан