Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандардын жаңы рейтингин 6-июнда жарыялады. Аталган рейтингде Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 3-орунда жазылды.
Белгилей кетсек, Тыныбекова ушул жылы Индияда Азия чемпиондугун багындырган. Ошондой эле Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында 58 килограмм салмак категориясында чемпион аталган.
Рейтингдин сап башында төрт жолку Олимпиада чемпиону япониялык Каори Ичо турат. Экинчи орунда Африка чемпиону тунистик Марва Амри жайгашкан.