Бүгүн Кыргыз курама командасы Түркиянын улакчылары менен күч сынашат

Казакстандын Астана шаарында 21-27-август аралыгында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 23-август күнү Кыргыз курама командасы Түркиянын улакчылары менен күч сынашат.

3-тур: Кыргыз курама командасы - Түркия курама командасы.

Башталышы: Бишкек сааты боюнча 11:00.

Маалымдай кетсек, кечээ, 22-август күнү Кыргыз курама командасы Өзбекстан курамасы менен беттешип 11:2 эсебинде жеңишке жеткен. Буга чейин 21-август күнү Кыргыз курама командасы Монголия курамасы менен улак тартышып 4:0 эсебинде жеңип алган.

Аталган мелдеште жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KUBI
2017-08-23 09:32:29
Туркияны оной эле утса керек.
+1
umar_official
2017-08-23 10:06:18
казактар бербейт болуш керек.алар чыр чыгарып да алышат
0
BekAmir
2017-08-23 10:11:01
Урматтуу супер-инфо жалпы таблицаны жазып койсонуздар жакшы болмок
+1
admin_superstan
2017-08-23 10:40:54
BekAmir, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
baisogur
2017-08-23 11:17:30
Туз эфирдин коруп жатсанар купуяга сайтын жонотуп койгулачы сураныч????
0
Isco22
2017-08-23 11:19:48
Туркия мамлекетине женилип берсенер деле акш мн тажикстанды кийинки оюнда утсанар кк. А бирок Туркия бордоош элдер полуфиналга Кыргызстан мн чыгып кетет эле. Озбекстан Монголияга караганда. Бирок Алга Кыргыз
0
kechirmeni
2017-08-23 11:53:19
Урматтуу админ улак тууралуу бат баттан кабар берип турасыздарбы сураныч ичибиз бышы атат Рахмат )))
0
admin_superstan
2017-08-23 12:22:31
kechirmeni, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан