Бүгүн, 21-августта Астанада көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы Монголия курамасын 4:0 эсебинде жеңип алды.
Беттештин алгачкы бөлүгүндө Кубанычбек Султан уулу жана Аскат Батырбек уулу айырмаланса, 2-бөлүктө Аскат Батырбек уулу эсепти 3:0 кылды, андан соӊ Урмат Раушан уулу эсепти 4:0 кылып оюнга чекит койду.
Аталган беттеште улакчылар муляж эмес, чыныгы улак менен ойногон.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз курама командасы "аттардын арткы буттарындагы таканы алып салгыла" деген талаптан соң нааразычылыгын билдирип мелдешке катышпоо демилгесин көтөрүшкөн. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргыз жана Монголиянын көк бөрү боюнча курамалары беттеше турган болушкан.