Президенттикке талапкерлердин алтоосу гана БШКга кол топтоо баракчаларын тапшырды

Президенттикке талапкерлердин алтоосу гана Борбордук шайлоо комиссиясына кол топтоо баракчаларын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Темир Сариев 60 миң, Өмүрбек Бабанов 107 миң, Өмүрбек Текебаев 38 миң 642, Бакыт Төрөбаев 72 миң 298, Сооронбай Жээнбеков 50 миң 44 жана Адахан Мадумаров 43 миң 871 жарандардын колун топтоп тапшырышкан. Кол коюлган баракчалар 26-августка чейин кабыл алынат. БШК Текебаевдин "кол чогултуу үчүн сарпталган чыгымдар шайлоо фондунан каржыланган эмес" деп, чогултулган колдун баары жараксыз деген чечим кабыл алган.

Аталган комиссия 3 талапкерди расмий каттоодон өткөрүп, күбөлүк тапшырган. Учурда президенттик шайлоого аттана турган 49 талапкер калды. Башында БШКга 59 талапкер арыз берген. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан