Жаңы өкмөттө биринчи вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев же Толкунбек Абдыгулов болушу мүмкүн

“Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы биринчи вице-премьер-министрликке Дүйшөнбек Зилалиев менен Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин караганы жатат”, - деп бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, эртең, 24-августта саат 10:00дө КСДП фракциясынын жыйыны өтөт. Күн тартибине өкмөттүн жаңы курамын түзүү боюнча маселе каралат.

Айта кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы, ал эми Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагасы. Буга чейин премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлиги карала турганы белгилүү болгон.

Өкмөт отставкага кеткенге чейин биринчи вице-премьер-министр кызматын Мухаммедкалый Абылгазиев аркалап келген. Учурда ал премьер-министрдин милдетин аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан