Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун кыз-келиндер арасындагы алгачкы беттешинде Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы атаандаштарын жеңип алды.
75 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы алгачкы беттешин түштүк кореялык Намжу Хё менен өткөрдү. Анда Медет кызы 3:0 эсеби менен кореялык балбандын үстүнөн жеңишке жетти. Эми жарым чейрек финалда ал беларусь спортчусу Василиса Марзалюк менен күрөшөт.
59 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова германиялык Лаура Мертенз менен күрөштү. Беттештин жыйынтыгында ал 6:0 эсеби менен германиялык спортчуну жеңип, чейрек финалга өттү. Эми ал нигериялык Аминат Олувафунмилайо менен күрөшөт.
Ал эми 55 килограммга чейинки салмак ченинде Назира Марсбек кызы казакстандык Марина Седнева менен күрөшүп, жеңилип калды.
Эске салсак, Дүйнөдөгү мыкты 3 балбандын катарына кирген Айсулуу Тыныбекова 2017-жылдын май айында Азия чемпиондугунда жана Ислам тилектештик оюндарында алтын медалдарын жеңип алган. Ал эми Айпери Медет кызы август айынын башында күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.