Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев президенттикке бир талапкерге токтолушту. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Төрөбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, алар кайсы талапкерге токтолушканын 10-сентябрда жарыялашмакчы. "Биз бардык саясатчыларга, коомчулукка сүйлөшүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз. Дагы катарыбызга саясатчылар кошулушу мүмкүн", - деди ал.
Эске салсак, 6-августта “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партияларынын лидерлери бир талапкерди колдоо үчүн макулдашууга кол коюшкан. Жакында арасынан бир талапкерди президенттик шайлоого көрсөтүшөрүн билдиришкен. Андан кийин президенттикке талапкер Темир Сариев менен дагы сүйлөшүү жүргүзүшкөн.