Жаңы өкмөткө президенттик аппараттан 2 адам келмекчи. SUPER.KG порталына Ак Үйдөгү булактар билдиришкендей, өкмөттүн курамында төмөнкү өзгөрүүлөр күтүлүп жатат.
Премьер-министр Сапар Исаков (учурда президенттик аппараттын башчысы);
Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов (учурда Улуттук банктын төрагасы);
Экономика маселелери боюнча вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев (учурда Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы);
Чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров (учурда Коопсуздук кеңешинин төрагасы);
Экономика министри Артем Новиков (учурда президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси);
Каржы министри Мухаммедкалый Абылгазиев (учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, буга чейин биринчи вице-премьер-министр болгон);
Байланыш агенттигинин башчысы Нурбек Абасканов (учурда Улуттук энергетикалык холдингдин башчысынын орун басары);
Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов (учурда ушул мекеменин төрагасынын орун басары).
Ал эми калган министрликтерде жана мамлекеттик мекемелерде өзгөрүүлөр күтүлгөн жок.