ЖЫЛНААМА, 24-АВГУСТ: 9 жыл мурун Бишкектеги "Манас" аэропортунан учкан учак кырсыкка кабылып 64 адам каза болгон

Мындан 9 жыл мурун, 24-августта Бишкектин жанындагы "Манас" эл аралык аэропортунан учуп чыккан учак кырсыкка кабылып 64 адам көз жумган. «Итек Эйр» компаниясына тиешелүү болгон Боинг-737 учагын Ирандын Aseman Airlines авиакомпаниясы ижарага алган. Ал күнү бортто 90 адам болгон, 83 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү.

Кырсык техникалык катачылыктардан улам келип чыккан. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргыз өлкөсүнүн баскетбол боюнча жаштар курамасы да болгон. Алар Тегеран шаарында өтө турган мелдешке катышууга бара жатышкан. 2008-жылдын 26-августу Кыргыз өлкөсү үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланган. Кырсыктан тирүү калган экипаждын 2 мүчөсү Юрий Гончаров жана Тимофей Водолагин кырсыктын алдын албагандыгы үчүн күнөөлөнүп, 5 жылга эркинен ажыратылышкан.

Борттогу Ирандын 55 жаранынын ичинен 43 адам каза болгон. Казакстандын 3 жараны, Кытайдын 1, Түркиянын 1 жараны каза болгон. Кыргыз мамлекетинен жалпы 30 жаран болсо анын 14ү аман калып, 16 киши каза болгон.
24-августка карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан