"Ар-намыс" партиясынын лидери, Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Феликс Кулов оппозициялык "Сентябрь" телеканалынын жабылышына карата оюн айтты. Кулов журналист Нарын Айып менен маектешүүдө телеканалдын жабылышын "мыйзамсыз" деп атады.
"Сергек ой жүгүрткөн бардык адамдардай эле, бул боюнча мен дагы өтө терс пикирдемин. Юридикалык жактан караганда, соттун чечими мыйзамга таптакыр дал келбейт. Бул дап-даана көрүнүп турат. Ошондуктан сөгүүдөн башка сөз жок... Биздин элибиз Акаев жана Бакиев деген узурпаторлорго каршы эки революция жасаган. Тийиштүү деӊгээлде күчтүү демократиялык коомубуз бар...", - дейт Кулов.
Эскерте кетсек, 22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Сентябрь” телеканалына карата прокуратуранын доо арызын канааттандырып, аталган каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында, Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун түз эфирдеги сүйлөгөн сөзү негиз болгон.