Көк бөрү: Кыргыз курама командасы финалга жолдомо алды

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курама командасы тайпалык баскычтын 1 туру калганда финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан SUPER.KG`ге билдиришти.

"Алдыда дагы америкалыктар менен оюн бар. Команда финалга чыкты деп эсептесек болот", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 24-августта Улуттук курама 4-турдун алкагында тажик оюнчулары менен кез келип, 15:2 эсебинде жеңип алды. Бул жеңиш менен кыргыздар мелдештин жүрүшүндө 4 беттеште жеңишке жетип, 12 упай топтогон соң мөөнөтүнөн мурда финалга ойногонго мүмкүнчүлүк алды.

Эми 27-августта өтө турган финалдык беттеште Кыргыз курама командасы "В" тайпасынын жеңүүчүсү менен ойнойт.

Эртең, 25-августта Кыргыз курама командасына АКШ курамасы туш келет.

Эске салсак, Кыргыз улакчылар мелдештин алгачкы күнү Монголия курамасын 4:0 эсебинде, Өзбек курамасын 11:2 эсебинде, Түркия курамасын 13:3 эсебинде жана тажик оюнчуларын 15:2 эсебинде жеңип алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Ma9
2017-08-24 17:44:35
Азматсынар жигитер атарынаргада чоон рахмат
+1
toktor89
2017-08-24 17:45:29
Молодцы ребята! Ийгилик!
+1
malika79
2017-08-24 18:01:42
Мен аявай суйунуп кубанып атам Алга дала тоонун жигиттери чемпион болгула чыдамсыздык менее кутуп атабыз ийгилик
+1
keba300989
2017-08-24 18:01:48
Казактарды нөлдө калтыргылачы, бир рахат алайлы.
+3
malika79
2017-08-24 18:02:43
Кыргыз эли болуп корбогондой жениш менен келет деп кутатабыз
+2
ikitaidesu
2017-08-24 18:07:15
В тайпасында кимдер алды финалга жолдомону? Кыргыздын жигиттери, силерге да шамалдай зуулдаган тулпарларга да куч кубат!
+1
mr.sher
2017-08-24 18:27:00
Кыргыздын ким экенин корсотуп койгула ийгилик жигиттер.
+1
Shakarbaiv.08kgm
2017-08-24 18:27:15
Калганы судьянын колунда
+1
aibars
2017-08-24 18:29:38
Shakarbaiv.08kgm, Алланын колунда
+3
Isco22
2017-08-24 18:30:22
Супер Инфо финалбы же полуфиналбы?туз жле финалга чыктыбы же Б группадагы 2чи местаны алган мн ойнойбу
+2
Gerda96
2017-08-24 19:34:42
Молодцы, ийгилик каалайбыз!
0
baltabaev
2017-08-24 20:14:29
Таджик туугандар менен ойногон видеосун жуктоп койгулачы
0
gastello-1a
2017-08-24 20:35:07
азаматсынар ушул командаларды утсанар озум уткандай болуп суйунуп жатам молодцы силерге аллах ыраазы болсун аллахым озу колдосун чемпион болуп кайткыла амин
0
sherzatik
2017-08-24 21:32:03
Эң чоң жетишкендик алга Кыргызстан!!!Казакстанды өзүнө жараша кылып жеңип салышсын. Ойлошту да Манас Ниязов келбесе жеңебиз деп. Манас келгенде мындан жаман болушмак.
0
Erkinbek1978
2017-08-24 21:44:37
Жигиттер озунорду кок борудо онорунорду корсото турган кез келди тайказанга ыргыткандай алыстан ыргытып дуйного корсоткуло
0
sara4321
2017-08-24 23:07:52
Биздин жигиттер чыныгы азаматтар,казактарды финалда женээри анык бирок...казактардын калыстары оздоруно тартып бербеши да мумкун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан