БШК: “Үч талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча арыз берди”

Үч талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баш тарткан талапкерлер Марат Иманкулов, Бакыт Дегенбаев жана Сайнидин Султанидинов.

Эске салсак, шайлоо 15-октябрга белгиленген. Учурда кол топтоо процедурасы жүрүүдө. 8 талапкер 30 миңден ашык кол топтоо баракчаларын тапшырган. Алардын төртөөсү БШКнын каттоосунан өтүп, күбөлүк тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан