Депутаттар жумушка эмненин негизинде 5 күн эрте чыкканын түшүнбөй жатышат

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анын башталышында айрым депутаттар бул жыйналыш кимдин буйругунун негизинде өтүп жатканын төрагадан сурашты.

"Бир бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев кезексиз жыйынды өткөрүүгө президенттин же спикердин буйругу болгонун сурады. "Сиз саботаж кылып жатасызбы? Кана, чакырган кагазыңыз? Элементардык нерселерди билбесеңиз ушундай казустар болуп калат", - деди спикерге депутат.

Төрага Чыныбай Турсунбеков кезексиз жыйынды өзү президенттин катынын негизинде чакырганын айтты.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев сентябрга чейин 5 күн калганда кезексиз жыйынга чакыруу туура эмес деген пикирин айтты. "Азыр эл алдында күлкү болуп турабыз. Өкмөттү 10-сентябрда кетирбейт белеңер. Эмнеге мынча шаштыңар? Өкмөттүн курамын комитеттер, фракциялар карап чыгышы керек. 25-августка чакырганыңар ката. Регламентке ылайык иш алып барсаңыз", - деди Бокоев.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Дастан Жумабеков президент Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырууга укуктуу экенин Конституцияга таянып билдирди.

"Бир Бол" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов төрагага танапис жарыялоону сунуштады. "Буйрук чыгарган болсоңуз бизге таратсаңыз. Саат 14:00гө чейин танапис жарыяласаңыз. Көпчүлүк коалициясы жыйын өткөрсүн, комитеттер өкмөттүн курамын карасын", - деп сунушун киргизди Сулайманов.

Жыйынтыгында төрага Турсунбеков саат 12:00гө чейин танапис жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан