Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоодо участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу токтом кабыл алды. Бул тууралуу 25-августта БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
“Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жобого толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иш акысы шайлоо мезгилинде төлөнөт, ошондой эле негизги ишиндеги орточо эмгек акысы сакталат. Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде, шайлоо кампаниясы аяктагандан кийин 6 айдын ичинде шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү иштен бошотулбайт жана өзүнүн макулдугу болмоюнча башка ишке которулбайт.
"Аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тигил же бул маселелер боюнча өздөрүнүн ойлору, сунуштары үчүн куугунтукталбайт. Ал эми кызматтык милдетин аткаруу учурунда алардын ишине тоскоолдук кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп билдирет мекеме.