Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Акылбек Мансуров Борбордук шайлоо комиссиясына берген арызын кайтарып алды. Бул тууралуу 25-августта БШКнын маалымат кызматы билдирди. Мансуров шайлоого өзүн өзү көрсөтүү тартиби менен катышарын билдирип, БШКга арыз берген эле. Талапкерлер үчүн милдеттүү болгон тил сынагына катышып, 77,34 балл менен өткөн.
Мансуровдун шайлоого катышуудан баш тартуусунун себеби айтылган жок.