Текебаев менен Чотоновдун иши шаардык сотто 5-сентябрда каралат

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаардык сотунда каралат. Текебаевдин адвокаты Искен Афиджановдун билдиришинче, прокуратура Текебаев менен Чотоновго райондук сот чыгарган өкүмгө карата даттанган. Адвокат прокуратуранын сунуштамасы менен тааныша электигин, "прокуратура Бишкек шаардык сотуна кайрылып жазаны катаалдатууну суранган болушу мүмкүн" деген жоромолун айтты.

Эскерте кетсек, 16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга (экөө тең) эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат. Мындан тышкары алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан