Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлиги, өкмөттүн курамы жана программасы каралууда.
Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Кыргыз жергесинде ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass Trading" компаниясы 37 миллион долларды төлөп берген же бербегени боюнча суроо берди.
"Кудай эмесмин, чехиялык компания 37 миллион долларды төлөп береби же төлөп бербейби, айта албайм. Дагы убакыт бар. Эгер белгиленген убакыт боюнча акчаны төлөп бербесе, келишим жокко чыгарылат. Кыргыз тарап эч нерсе жоготпойт", - деп жооп берди Исаков.
Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган эле. Ага ылайык, чехиялык компания 30 банктык күн (болжол менен 50 календарлык күн) ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек.
24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында "чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат” деп айткан.
Компаниянын жетекчиси Михал Смелик Кыргыз мамлекети алар үчүн чоң кызыгуу туудурганын айтып, келишимдин бардык шарттарын аткара турганын билдирген.