Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Жанар Акаев премьер-министрликке талапкер Сапар Исаковдон түрмөлөрдөн кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрүнүн бошотулуп жатканы боюнча сурады.
"Шайлоо алдында "кримтөбөлдөр" эркиндикке чыгып жатат. Криминал менен күрөшүү боюнча кандай чечкиндүү планыңыз бар?" - деди Акаев.
Сапар Исаков бул суроого жооп берүүгө ички иштер министри кызматына талапкер Улан Исраиловго сөз берди.
"Криминал менен күрөшүү биринчи максатыбыз болгон. "Кримтөбөлдөрдү" бошотуу бул соттордун чечими. Биз күрөштү токтотпойбуз. Тиешелүү тапшырмалар облус жана район жетекчилерине берилген. Милдеттерибизди так аткарабыз", - деп жооп берди Исраилов.