Сапар Исаков: "Манас" аэропортун мамлекет өз алдынча өнүктүрө албайт"

Эл аралык "Манас" аэропортун мамлекет өз алдынча өнүктүрө албайт. Бул тууралуу 25-августта Жогорку Кеңеште премьер-министр кызматына талапкер Сапар Исаков билдирип, бул үчүн инвесторлордун колдоосу зарыл экенин айтты.

"Түз инвестицияларды тартуу керек. Азырынча өз оюмду айтып турайын, шайланып калсам сиздер менен кеңешип маселе чечебиз. Эл аралык экономикалык моделдер бар, аларды пайдаланышыбыз керек. Мисалы, Түркияны карасак болот. "Ата Түрк" аэропортун кантип өнүктүрүп коюшту", - деди Исаков.

Премьерликке талапкер Ош аэропортун да өнүктүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү шайлоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан