Жогорку Кеңештин 25-августтагы кезексиз жыйынында жаңы өкмөттү шайлоо маселеси каралууда. Премьер-министр кызматына Сапар Исаковдун талапкерлиги талкууланып жатат.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев талапкер Сапар Исаков боюнча 2008-жылы кызматтык иликтөө жүргөнүн айтып, окуянын чоо-жайын Исаковдун өзүнөн сурады.
Сапар Исаков так жооп айткан жок. "Бул жашыруун маалымат, азыр айтып койсом мыйзамды бузган болом. Негизи, тийиштүү иштер жүргөн... Бул иштер, анын жыйынтыгы боюнча сизге өзүнчө маалымат берейин", - деди өкмөт башчылыкка талапкер.
Интернетке тараган видеокомпромат тууралуу да жооп кайтарды. Бул видеонун артында "акча баарын чечет" деп ойлогон президенттикке талапкерлердин бири турат деген пикирде. "Мен бул материал боюнча укук коргоо органдарына кайрылууга даярмын. Бирок биринчи жооп бере турган адамды табуу керек, анонимдүү болуп жатпайбы. Мен бул боюнча конкреттүү кайсы бир адамды күнөөлөп жатканым жок. Ошондуктан ал адамдын атын айта албайм", - деди Исаков.