Айыл чарба министри кызматына талапкер Нурбек Мурашевдин айыл чарба боюнча жогорку билими жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында белгилүү болду.
Бул суроону "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев көтөрдү. "Кыргыз өлкөсү агрардык өлкө. Эгер өкмөттүн курамында бул тармак боюнча адис жок болсо, кантип маселелерди чечесиз?" - деди Бокоев.
Премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков жооп бергендей, сунушталып жаткан өкмөттүн курамында айыл чарба тармагында жогорку билими бар адам жок. "Дүйнө жүзүндө башка кесиби менен иштеп, чоң ийгиликтерге жеткен, өлкөсүндөгү чарбасын көтөргөн адамдар көп", - деп жооп берди Исаков.
Айыл чарба министри кызматына талапкер Нурбек Мурашев кесиби боюнча экономист экенин айтты.