Өмүрбек Бабанов "Республика-Ата Журт" фракциясы премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлигин колдоону чечкенин айтты.
"Жаңы өкмөт канча убакыт иштей турганы бир айдын ичинде тастыкталат. Муну жаңы президент эмес, Жогорку Кеңеш чечет. Өз өмүрүңөр өзүңөрдүн колуңарда", - деп кайрылды өкмөт мүчөлүккө талапкерлерге Бабанов.
Ошондой эле ал Кыргыз жергесинде ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишим түзүлгөнүн сынга алды. "Өкмөт "мындан чыгаша жок" деп жатат. Бирок жарнама үчүн акча мамлекеттик бюджеттен кетип жатат да, убакыт да өтүп жатат. Бул чыгаша эмеспи? Бүт дүйнөгө уят болуп калдык. Мамлекеттин кадыр баркын ойлонуш керек да же биз банан өлкөбүзбү?" - деди Бабанов.
"Шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Сиз Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштеп жүрдүңүз. Ал киши таза шайлоо өтөт деп убадалаган. Ошондуктан сиз адилеттүү шайлоонун өтүшүн камсыз кыласыз деп ишенем. Мындан улам биздин фракция талапкерлигиңизди колдоону чечти", - деди Исаковго Бабанов.