Президенттик шайлоого карата Бишкекке КМШнын байкоочулар миссиясы келди

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата Бишкекке КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Слобода келди. Бул тууралуу 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Миссиянын штабы ишин 20-сентябрда баштай турганы айтылат маалыматта. 25-августта Слобода менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жолугушуусу өтүп, алдыдагы шайлоо талкууланды.

БШКнын маалыматына таянсак, Слобода Кыргызда шайлоонун ачыктыгын камсыздоого түзүлгөн шартты мактап, заманбап технологиялар аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын оперативдүү түрдө борбордук серверге жиберип, ар кандай бурмалоолорго жол бербей турганын айткан.

Бул ирет КМШнын байкоочулар миссиясынын курамына 200дөй байкоочу кирери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, КМШнын байкоочулар миссиясы Кыргызда 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого да байкоочулук кылган. Анда шайлоонун жүрүшүнө миссиядан 66 байкоочу көз салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан