Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды

Алмаз Үсөнов (сүрөттө) президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 26-августта президенттик аппараттан билдиришти. 36 жаштагы Алмаз Үсөнов буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ал эми президенттик аппаратты буга чейин жетектеп келген Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалды.

Үсөнов Алмаз Туратбекович:

1981-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан