Президенттик шайлоого даярдык: 24 талапкер жетиштүү кол топтоду (тизме)

Президенттикке талапкерлерден кол топтоо баракчаларын кабыл алуу токтотулду. Мыйзамга ылайык, баракчаларды кабыл алуу мөөнөтү 25-август күнү саат 23:59да бүткөнүн БШК маалымдады.

Жалпы 24 талапкер тийиштүү 30 миңден ашык кол топтогону белгилүү болду. Алар:

1. Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;

2. Өмүрбек Бабанов, "Республика" партиясынын лидери;

3. Сооронбай Жээнбеков, КСДП партиясынын өкүлү;

4. Бакыт Төрөбаев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери;

5. Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери;

6. Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери;

7. Азимбек Бекназаров, мурдагы башкы прокурор;

8. Таалатбек Масадыков, эл аралык эксперт;

9. Эрнис Зарлыков, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;

10. Арстанбек Абдылдаев, “Ауирдин” ишканасынын директору;

11. Талгатбек Кожогулов, коомдук ишмер;

12. Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты;

13. Турсунбек Акун, "Адам укугу" партияcынын лидери;

14. Казыбек Шайымбетов, пенсионер;

15. Исхак Масалиев, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын лидери;

16. Арсланбек Малиев, "Аалам" партиясынын лидери;

17. Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;

18. Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты;

19. Кубан Чороев, коомдук ишмер;

20. Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу;

21. Темирбек Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери;

22. Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;

23. Камчыбек Ташиев, "Ата Журт" партиясынын лидери;

24. Ахматбек Келдибеков, "Ата Журт" партиясынын лидери.

Булардын ичинен Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев расмий түрдө президенттикке талапкер катары катталган. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин кол топтоо баракчаларын БШК жараксыз деп тапкан. Калгандарынын баракчалары текшерилип жатканын билдирет БШКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан