Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 26-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
Абылгазиев буга чейин Социалдык фонддун төрагасы, биринчи вице-премьер-министр, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген.