Алмазбек Атамбаев миллиардер Бинод Чаудхари менен Кыргызга инвестиция тартуу тууралуу сүйлөштү

Бишкекте Ак илбирсти коргоо форумуна катышкан миллиардер, "Chaudhary Group" компаниясынын башчысы Бинод Чаудхари 26-августта президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызга инвестиция тартуу жаатында сүйлөшүү жүргөнүн президенттик аппарат кабарлады. "Биз Кыргыз жеринде ири реформалар жүрүп жатканын көрүп турабыз. Бул ишкерлерге бекем ишеним берет", - дейт Чаудхари.

Сейрек кездешкен жапайы жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти коргоо жаатында кызматташуу, тажрыйба алмашуу тууралуу да пикир алышуу болгону айтылды.

"Chaudhary Group" - көп улуттуу холдинг компания. Башкы кеңсеси Непалда жайгашкан. Компания "Taj Safaris Wildlife Lodges" сафари паркына да ээлик кылып, Непал жана Индиядагы жапайы жаныбарларды коргоо жаатында иш жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан